Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Коркунучтуу аймактардан 20 миң үй-бүлөнү көчүрүү зарыл


БИШКЕК. Бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Болотбек Айдаралиев: «Табигый кырсыктардан сактоо максатында өлкө боюнча 864 үй-бүлөнү коопсуз жерлерге көчүрүү керек», - деп билдирди. 31-июлда Кыргыз телекөрсөтүү аркылуу уюштурулган «түз эфиринде» премьер-министр Николай Танаев өлкө боюнча 20 миңден ашуун үй-бүлө коркунучтуу аймактарда жашап турат жана алардын айрымдарын көчүрүш үчүн быйыл бюджеттен 500 млн. сом бөлүүгө кол коюлду, деп билдирген. Николай Танаевдин айтымында, коркунучтуу аймактардан 500гө жакын үй-бүлө башка жерлерге көчүрүлдү. 20-августка чейин Орусиядан жардам жарым миллион доллар өлчөмүндө 50 курама үй жана 1 мектептин материалы келмекчи. «Азия» өнүктүрүү банкы табигый кырсыктарды жоюу үчүн өкмөттүн кепилдиги менен 20 млн долларга чейин карыз берүүнү сунуштоодо, бирок биз өкмөттүн кепилдиги менен аны алуудан баш тартуудабыз», - деп билдирди Николай Танаев. Болотбек Айдаралиевдин маалымдашынча, быйылкы табигый кырсыктарды калыбына келтирүү иштерине 73 млн. сом каражат коротулдуу.

XS
SM
MD
LG