Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Сот адам укугу боюнча кыргыз комитетин милдеттендирген чечим кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту адам укугу боюнча кыргыз комитетинин жетекчилиги уюмдун Нарын облусу боюнча координатору Качкын Булатовду «жумуштан комитеттин башкармалыгы менен кеңешпей туруп бошоткон, андыктан анын 31-мартта чыгарган чечими мыйзамсыз» деген чечим чыгарды. Адам укугу боюнча кыргыз комитетинен сотко чакырылган төрага орунбасары, башкы эсепчи Сурмакүл Масакеева 7 ирет өткөн соттун бирине да келген жок. Сотко комитеттен Мамасадык Жакишев, Александр Фоменко, Ниязалы Бекбердинов күбө катары чакырылышты. Сот комитет Качкын Булатовго ал бош жүргөн төрт айдагы айлыгын төлөп берүүгө тийиш, деген чечим чыгарды. Ал 280 долларды түзөт. Сот чечимине макул эместигин комитеттин жооптуу кызматкери Гияз Токомбаев «Азаттыкка» билдирди. «Качкын Булатов комитеттин башкармалыгы тарабынан мыйзамдуу бошотулган, ошондуктан, биз Биринчи Май райондук сотунун чечимин шаардык сотко арызданабыз» , - деди Гияз Токомбаев.

XS
SM
MD
LG