Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Кыргыз өкмөтү Акыйкатчыга 15 млн сом бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды


БИШКЕК. Кыргызстандагы Акыйкатчы (Омбудсман) институтуна өкмөт тарабынан 15 млн сом бөлүнө турган болду. Акыркы эки айдын ичинде Акыйкатчынын кеңсесине 2200 жакын атуул тарабынан арыз түшүп, анын ичинен 1200ге каралды.
Бүгүн бул тууралуу «АКИпресс» маалымат агенттигинде өткөн жыйында өлкөнүн Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Жыйында маалымдалгандай, соңку 2 айдын ичинде Акыйкатчы Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларындагы абактарды кыдырып чыкты. Анын айтымында, өлкөдө укук бузуу фактылары көп кездешет. Айрым жерлерде сот органдары «Акыйкатчы сот ишине кийлигишүүдө» деп айыптаган учурлар да бар. Буга байланыштуу Акыйкатчы Жогорку соттун төрайымы Нэля Бейшеналиевага мындай айыптар негизсиз деп кат аркылуу кайрылгандыгын билдирди. Акыйкатчы «Агым» гезитин ал жөнүндө өкмөттүн «эсебинен чет өлкөлөрдү кыдырып жүрөт, кадр саясатын туура эмес жүргүзүп жатат» деген негизсиз маалыматы үчүн сотко берээрин маалымдады.

XS
SM
MD
LG