Американын Сенаты энергия булактарын иштетүү жана сактоо боюнча өкмөттүк программаны жактырды. Программага ылайык Альяска жарым аралында табигый газды иштетүүгө, этил спиртин кеңири пайдаланууга жол ачылат жана аларга салыктан атайын жеңилдиктер берилет. Сенат муну менен катар Чили жана Сингапур менен эркин соода жүргүзүп, соода тарифтерин алып салуу жөнүндөгү макулдашууну жактырды. Бул АКШнын Түштүк Америка жана Азия мамлекеттери менен кол койгон биринчи макулдашуусу.