Ооганстандын Кандагар аймагында талибандардын калган топтору менен өкмөттүк аскерлердин кармашы жүрүп жатат. Ал жердеги өкмөттүк аскер башчысы Хан Мухаммеддин айтымында, түндө аткылашуудан төрт талип жана өкмөттүн эки жоокери каза болду. Буга чейин Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан Ооганстанды калыбына келтирүүдө башкы проблема коопсуздук болуп жаткандыгын билдирген. Анын баамында, өлкөдө жалпы абал бир аз жакшырып калды, бирок, айрым аймактарда кырдаал дагы эле курч. Ага кийинки кезде Ооганстандын түштүк, чыгыш райондорунда “Талибан” жана “ал-Каида” менен байланышы бар террорчул топтордун аракетинин күчөп кеткендиги түрткү болууда.