Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

АКШ Иордандын батыш жээгине жөөт айылынын курулушуна каршы


Америка Палестинанын аймагында еврей айылдары салынбашы керек деген ниетте.Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер билдирди жана Газа секторунда курулуп жаткан жөөт айылдарынын келечеги жөнүндө Израилдин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады. Мамлекеттик катчы Колин Пауэл болсо Иордандын батыш жээгине коргоочу дубал курула турган болсо ал аймактагы кырдаалга жаман таасир тийгизээрин билдирди. Израил Газа секторунда үйлөрдү куруу ниетин ушул бейшембиде билдирген. Израилдин премьер министри Ариэл Шарон Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык пландын биринчи баскычы аяктап калгандыгын, бирок, ал израилдиктерге кол салуу басылган кезде гана толук ишке ашаарын эскертти. Бүгүн Израилдин түрмөлөрүндө жаткан миңге чукул палестиндер ачкачылык жарыялашты. Бул ушул бейшемби күнү Ашкален түрмөсүндө болгон козголоңдон кийин болду.

XS
SM
MD
LG