Катардагы “ал-Жазира” телеканалы Саддам Хусейндин үнү деп, тасмага жазылган дагы бир үндү угузду. Анда үндүн ээси ирактыктарды америкалык аскерлерге каршы күрөшүүгө чакырды. Андан тышкары ал “чабуулдардан кийин күчтөрдүн тең салмагы бузулду, америкалыктар эми анын ордун кайра толтура албайт” деп, Ирактын “талап-тонолгон мамлекеттик байлыгын коргоп, аны чет элдик күчтөргө каршы пайдаланууга” үндөдү. АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгынын адистери үн чын эле Саддамдыкы болушу мүмкүн деп жатышат.