БИШКЕК. Кыргызстандын аймагында орнотулган автомай куюучу 500 станциянын дээрлик баары коопсуздук эрежесин бузуп, техникалык камсыздоону талапка ылайык жүргүзүшпөйт. Жакында Мамлекеттик техникалык көзөмөлдөө агенттиги ушундай жыйынтык чыгарды. Автомай куюучу станциялар өрттөн сактоочу техникалык жабдыктар менен толук жабдылган эмес. Алардын бир тобу калк жыш отурукташкан жерлерде, базарлардын жанында курулган.