БИШКЕК. Үчүнчү элдик курултай август айынын аягында өтөт. Бирок, кайсы жерде өтөөрү азырынча белгисиз. Учурда «А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын атына жер-жерлерден курултайды өткөрүүнүн орду боюнча сунуштар түшүп жатат. Бул тууралуу маалымат бүгүн жогоруда аталган кыймылдан алынды. Үчүнчү элдик курултайда кыймыл тарабынан иштелип чыккан «Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү боюнча концепциянын» долбоору талкууланып, кабыл алынышы күтүлөт.