Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Либерияга эл аралык бейпилдик күчтөр жиберилет


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши атуулдук согуш жүрүп жаткан Либерияга эл аралык бейпилдик күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. Мындай чечимге кеңешке мүчө 15 мамлекеттин 12си макул болду. Келерки дүйшөмбүдөн тарта ал жакка Нигериянын бир миңден ашуун жоокери жиберилет. Түндө Монрови шаарында дагы бир кагылыш болуп, анда 4 адам жарат алды. Батыш Африка мамлекеттеринин өкүлдөрү бүгүн президент Чарлз Тейлор менен жолугушуп, анда бейпилдик күчтөр келээри менен өлкөдөн чыгып кетүү убадасын аткарууга милдеттүү экендигин эскертишти. Либериянын президенти Чарлз Тейлорго каршы чыккан төңкөрүшчүлөр менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда бир нече айдан бери айыгышкан кармаш жүрүп, андан бейкүнөө миңдеген адам кырылды.

XS
SM
MD
LG