Түндүк Осетиянын Моздок шаарындагы аскерий ооруканадагы жардыруудан каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 40 адамга жетти жана жарат алгандардын саны 80ден ашты. Жарадар болгондордун көбүнүн абалы оор. Урандылардын астында калгандарды 700 адамдан турган топ издеп жатат. Жума күнү кечинде жардыргыч салынган жүк ташуучу машинаны айдаган жан кечти аскерий ооруканага кирип барып, машинасын жардырган. Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун айтымында, машинага кеминде бир тоннага тротиллге барабар жардыргыч салынган. Орусиянын Башкы прокуратурасы “кишини мурдатан камданып өлтүрүү жана терракт” деген эки берене боюнча кылмыш ишин ачып, иликтөөгө киришти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, терракты чечен согушчандары өч алуу үчүн жасаган болуу керек. Себеби, ал жерде Чеченстанда кызмат кылган жоокерлер дарыланышчу. Ал эми Москванын бийлиги бүгүнтөн баштап 7-августка чейин шаарда көзөмөлдү күчөттү. Ага өлкөдөгү опурталдуу кырдаал түрткү болду деп жатышат.