Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Түштүк Африкада СПИД дарты боюнча жыйын башталды


Түштүк Африканын Дурбан шаарында СПИДке каршы күрөшүү боюнча төрт күндүк конференция башталды. Анын катышуучулары СПИД дартынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн каржылоону үч эсе көбөйтүүнү өтүнгөн атайын эл аралык жумушчу топтун баяндамасын угушат. Жумушчу топтун маалыматы боюнча, 2005-жылга карай бул дартка каршы жумшалчу каражат 5 млрд 700 млн долларга, 2007-жылы 6 млрд 600 млн долларга жетүүгө тийиш. Дүйнө жүзүндө СПИД илдетин жуктуруп алгандардын саны 42 млн киши, алардын дээрлик 30 миллиону Африка континентинде байырлагандар. СПИД дартына чалдыккандар Кыргызстанда баңгичилер арасында ылдам өсүүдө.


Айданбек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG