Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Либерия президенти кызматтан кетээрин билдирди


Либериянын президенти Чарлз Тейлор 11-августа кызматтан кетээрин билдирди. Бирок анын мамлекеттен качан чыгып кетээри белгисиз бойдон калууда. Чарлз Тейлор мындай билдирүнү кечээ күнү Батыш Африка мамлекеттеринин министрлери менен Монровиядагы жолугушуусунан кийин жасаган. Өлкөдө атуулдук согуш уланууда. Дүйшөмбү күндөн тарта Либерияга 300 аскерден турган нигериялык тынчтык сактоо күчтөрү келүүгө тийиш. Жума күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Либерияга бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү колдогон. Октябрь айынын башынан тарта Либерияда тынчтык орнотуу жараянын Бириккен Улуттар Уюму жетектей баштайт.

XS
SM
MD
LG