Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча быйыл Ооганстанга 360 миңден ашуун качкын кайрылып келди. Алардын көпчүлүгү Иран жана Пакистандан кайтышты. БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссарынын басма сөз катчысы Мохамад Надер Фархаддын айтымында, качкындардын өткөн жылга караганда аз кайтышына Ооганстанда жумуштун жоктугу жана жакырчылык себеп болду. Былтыр 1 млн 800 миң качкын мекенине кайткан эле. Пакистан жана Иранда дагы эле миллиондогон ооган качкындары калууда. Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү кабарлоосуна караганда, Вашингтон менен Кабул Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада башталат. АКШ бул максатта 1 млрд доллар бөлүүгө камданууда. Ооган өкмөтүнүн маалымдоосуна караганда, өлкөнүн Урузган вилайетинин аймагында жүргүзүлгөн аскерий операцияда 20 талип жоокери кармалып, бешөөсү өлтүрүлдү. Өкмөттүк күчтөрдөн эки жоокер набыт болгон.