Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

«Ал –Кайида» АКШга эскертүү жарыялады


Кубадагы Гуантанамо базасында камалып жаткан «ал-Кайида» жана «Талибан» жоочуларына кандайдыр бир жамандык жасалса, анда АКШ ошого жараша жазасын алаарын «ал-Кайиданын» жетекчилеринин бири эскертти. Мындай эскертүү айтылган үндү «ал- Арабийя» телеканалы бүгүн угузду. «Дүйнөдөгү мусулман боордоштор, силерге тынчтык болсун, Аллах жалгасын. Америка Гуантанамодогу туткундарды соттоп, жазалайбыз деп жатат. Эгерде аларга зыян келтирилсе, Америка анысы үчүн өтө кымбат төлөп калат», - деп айткан «ал-Арабийя» каналынан угузулган үн. Телеканал ал үн «ал–Кайиданын» жетекчилеринин бири Айман аз-Завахири экенин билдирүүдө. Аз-Завахири «ал-Кайида» башчысы Усама бин Ладендин жакын шакирттеринин бири деп саналат. 2001-жылкы террордук акттан кийин АКШ аскерлери Ооганстан согушунда 600дөн ашуун «ал-Кайида» жана «Талибан» жоокерлерин туткунга алып, аларды ушул кезге чейин Гуантанамо базасында кармап турат.

XS
SM
MD
LG