Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

Карабуура райондук прокурорунун орун басарына байланышкан сот иши кийинкиге жылдырылды


ТАЛАС. Карабуура районунун прокурорунун орун басары Жыргалбек Маатжакыповдун 29 жаштагы Айгүл Жумашаеваны былтыр 16-мартта автомашина менен койдуруп кетип өлтүрүп алган фактысы боюнча соттук териштирүү кийинкиге жылдырылды. Мындай маалымат бүгүн Талас облустук адвокаттар коллегиясынын адвокаты Жаныбек Карымбаевден алынды. Анын айтымында, жабырланган тараптагылар жана алардын адвокаты «райондук соттун судьясы Болотбек Батыралиев прокурордун орун басары менен көп жылдан бери бирге иштешип жүрөт» деген себеп менен ага ишеним көрсөтпөй, сот залынан чыгып кетишкен. Соттук териштирүү кайсы райондо болоору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG