Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Ошто Өзбекстандын консулдугун ачууга даярдык көрүлүүдө


ОШ. Бул боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын макулдашуусунун долбоору даярдалып бүттү. Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаевдин тапшырмасы боюнча Ош шаарынын мэри Өзбекстандын консулдугу жайгаша турган имаратты сунуш кылышы керек. Имарат жактырылып, оңдолуп бүткөндөн кийин консулдуктун ачылыш аземи өткөрүлөт. Өзбекстандын консулдугунун Ошто ачылышына Кыргызстандагы өзбек улуттук маданий борбору демилгечи болгон. Өз кезегинде Өзбекстандын Анжиян шаарына Кыргызстандын консулдугун ачуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул боюнча маалымат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнөн алынды.

XS
SM
MD
LG