БИШКЕК. Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хун Цзюинь президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык «Данакер» ордени менен сыйланды. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кытай элчисине мындай жогорку даражалуу сыйлык эки өлкөнүн ортосундагы өз ара достук жана кызматташтык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды.