Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Жалалабаддагы ички иштер органдарын тоногону үчүн айыпталгандардын энелери президентке ырайым сурап кайрылышты


ЖАЛАЛАБАД. Алар өз катында жергиликтүү бийлик органдары өз милдеттерин кайдыгер аткарып, жаштардын тарбиясы начарлап, тартип менен жоопкерчиликтин жоктугу мыйзамсыздыкка өбөлгө түзгөнүн белгилешти. Кат ээлери «8 бала топтун жетекчиси Адыл Каримовдун түпкү максатын билбей, андан коркконунан жана жашоонун оордугунан улам ички иштер органдарына кирүүгө мажбур болушкан» деп жазышат. Айыпталгандардын энелери балдарынын ар бирине 15-20 жылдан жаза чектөөгө макул эместигин билдиришти. Алар «май айындагы окуяда өз милдетин өтөй албаган тартип сакчыларын жоопко тартууну» талап кылышты. Андыктан кайрылуу ээлери азырынча өкүм чыгарыла электигинен түрдүү жугуштуу оору чыгып жаткан түрмө чеңгелинен балдарды сактап калууну өтүнүштү. Эгер уулдары 15 жылдан түрмөгө кесилсе, аларды бошотуп алыш үчүн мыйзам алкагындагы иш-аракеттерге барууга аргасыз экендиктерин эскертишти.
Быйыл 15-майда мурдагы милиционер Адыл Каримов баштаган куралдуу топ Жалалабаддагы облустук жана шаардык ички иштер органдарына кол салып, бир нече милиционерди сабап, ондогон курал-жаракты тоноп кетишкен.

XS
SM
MD
LG