Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

ШКУнун машыгуусуна Өзбекстан катышпай турган болду


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Казакстандын Семей облусунда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин антитеррордук аскердик машыгуусу башталат. Ага катышканы жаткан Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай жана Орусия мамлекеттеринин тиешелүү аскер бөлүктөрү машыгуу өтмөкчү болгон жерге чогулуп жатышат. ШКУнун дагы бир мүчөсү болгон Өзбекстан бул иш-чарага катышпай турган болду. Аны расмий Ташкен машыгууга камылгасы жетишпей калгандыгы менен түшүндүрдү. Казакстанга Кыргызстандан 1-августта Коргоо министрлигинин оперативдүү мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы полковник Замир Молдашев жетектеген 13 аскер кызматчысы барышты. Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Асанбек Осмоналиевдин билдирүүсү боюнча, машыгуунун алгачкы бөлүгү Семей облусунда болуп, кийинки үч күн бою ал Кытайдын Шиңжаң уйгур автономиялык районунда уланат. Бул машыгууларда ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге жана экстремизмге каршы биргелешкен аракеттери иштелип чыгат.

XS
SM
MD
LG