Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Күндүн ысыктыгынан улам Европада токой өртү күчөдү


Өрт өзгөчө Португалиянын токойлорунда күч алды. Андан миңдеген гектар токой аянттары талкаланып, кеминде 9 киши каза тапты. Португалиялык өрт өчүргүчтөргө жардамга Марокко менен Италиядан атайын учактар барды. Токойлор Испанияда, Хорватияда өрттөнүп жатат. Аба ырайынын ысыктыгынан өткөн аптанын соңуна бери Испанияда-7, Германияда-5 киши мерт болду. Швейцарияда да токой өрттөрү чыгабы деген кооптонуудан улам коопсуздук чаралары көрүлүп жатат. Ушул аптада күндүн ысыктагы Францияда 44 градуска чейин жетери күтүлүүдө. Мындай көрсөткүч акыркы ирээт 1923–жылы болгон экен.

XS
SM
MD
LG