Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

Либерияга бейпилдик аскерлеринин алгачкы тобу келди

Өлкөнүн башкалаасы Монровиянын жүздөгөн тургундары ич-ара согушту токтотуу максатында Нигерия жиберген бейпилдик аскерлеринин алгачкы тобун кубаттоо менен тосуп алды. Нигерия жана Батыш Африка өлкөлөрүнүн калгандары жиберүүчү бейпилдик аскерлеринин жалпы саны 3 миңден 5 миңге чейин болот. Алардын соңунан Либерияда 1-октябрдан кечиктирилбей БУУнун көп улуттуу аскерлери жайгаштырылышы керек. Өлкөнүн президенти Чарльз Тейлор кызматынан 11-августа чегинээрин жарыялаган, бирок өлкөдөн качан чыгып кетерин айта элек.
XS
SM
MD
LG