Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Тегеранга МАГАТЭнин эксперттери келди


Алар Иранды Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин кошумча протоколуна кол коюуп,өзөктүк жайларына кең-кесири инспекция жүргүзүлүшүнө уруксат берүүгө ынандыруу максатын көздөйт. Иран өкмөтүнүн өкүлү Абдулла Рамизанзеденин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, өзөктүк жайларды эл аралык эксперттердин текшерүүсүнө уруксат берүүнү караган соңку чечим өлкөнүн диний көсөмү аятолла Али Хаменейи тарабынан бекитилиши керек. МАГАТЭ Тегеранды Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин кошумча протоколуна кол коюу менен өзөктүк курал жасап жатат деген айыптоолорду төгүндөө үчүн өз иш-аракеттерин ачык жүргүзүүгө чакырууда. Вашингтондун Тегеран өзөктүк курал программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатат деген айыптоосун иран тышкы иштер министрлигининин өкүлү Хамид Реза Асефи бүгүн кайрадан четке какты.

XS
SM
MD
LG