Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн коргоо министри Мишел Эллиот–Мари билдирди. Мунун алдында Британиянын Ирактагы өкүлү Жон Сауерс Британия жана АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине Иракка эл аралык коопсуздук күчтөрүн жиберүүнү караганда резолюция долбоорун сунуш кылышы ыктымал экенин айткан эле. Иракты калыбына келтирүүдө БУУ чечүүчү роль ойношун жактаган Орусия жана Франция менен жакынкы убактарда аталган маселенин айланасында консультациялар башталышы мүмкүн. Вашингтон буга чейин кабыл алынган резолюция деле Иракты калыбына келтирүү ишине башка өлкөлөрдүн кошулушун камсыздады деп эсептейт.
Франция Иракты калыбына келтирүүгө катышуу маселесин БУУнун резолюциясы менен өтүнүчүнөн кийин гана карап көрөт