Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Азербайжандын премьер-министрлигине өлкө президентинин уулу Илхам Алиев дайындалды


Илхам Алиевди премьер-министрликке дайындоо жөнүндөгү сунуш парламентке президент Гейдар Алиевден түшкөн. Чукул чакыртылган сессияга 102 депутат катышып, алардын 101и Илхам Алиевдин талапкерлигин колдоду. Азербайжандын Конститутциясына ылайык, президенттин көзү өткөндө же милдетин аткарууга жөндөмсүз болгондо мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары убактысынча премьер-министрге өтөт. Президент Алиев июль айынын башынан бери саламаттыгы начарлап, Түркиянын "Гүлхане" аскердик ооруканасында дарыланууда. 42 жаштагы Ильхам Алиев буга чейин мамлекеттик мунай компаниясынын 1-вице-президенти болуп иштеген, парламент депутаты эле. Оппозициячыл партиялардын депутаттары парламенттеги добуш берүүгө катышкан жок. "Мусават" партиясынын лидери Иса Гамбар премьер-министрликке президенттин уулунун дайындалышын төмөнкүчө баалады:

- Муну биз Азербайжанда нео-монархиялык сценарийди ишке ашыруу аракети деп эсептейбиз. Гейдар Алиевдин режиминин бул аракети ийгилик таппасына ишенебиз.

XS
SM
MD
LG