Чечен өкмөт башчысы Анатолий Попов Чеченстан администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай жардыкка кол койгон чечен админстрациясынын башчысы Ахмад Кадыров 5-октябрга чейин эс алууга кеткенин жарыялады. Кадыровдун айтымында, ал мындай кадамга «шайлоодо бийликти пайдаланды» деген ар кандай чайкоочулук сөздөргө жол бербеш үчүн барды. Ахмад Кадыров кечээ күнү 11- талапкер болуп шайлоо комиссиясы тарабынан катталды. Анын негизги атаандаштарынын бири москвалык ишкер Малик Сайдуллаев болот деген пикирлер айтылууда. Чеченстанда президенттик шайлоо 5-октябрга белгиленген.