Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Европа өрттөн жабыркоодо


Европа болуп көрбөгөндөй ысыктан жана токойлордун өрттөнүүсүнөн жабыр тартууда. Португалияда өрттөн 11 киши каза болуп, өлкөнүн өкмөтү Европа Биримдигине өрт өчүрүүгө жардам берүүсүн өтүнүп кайрылды. Өрт ошондой эле Франция, Германия, Италия, Польша жана Босния токойлорун жалмоодо. Өрттүн күч алуусуна аба ырайынын өтө ысыктыгы себепкер болуп жатат. Францияда, маселен, бүгүн термометр 40 градусту көрсөттү. Дарыяларда суунун азайышынан гидроэнергетикалык станциялар электр иштеп чыгууну төмөндөтүүдө. Британияда күндүн ысыктыгынан поезддерге жарым ылдамдыкта жүрүү тапшырылды. Анткени ысыктан рельстердин сынып кетүү коркунучу пайда болууда.

XS
SM
MD
LG