Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Владимир Путин Малайзияда


Орус президенти Владимир Путиндин Малайзияда бүгүн жүрүп жаткан сапары учурунда эки тараптуу келишимге кол коюлуп, ага ылайык Орусия Малайзияга 18 Сухой-30МК аскерий учактарын 900 млн долларга сата турган болду. «Рособоронэкспорт» ишканасынын башчысы Сергей Чемезовдун айтымында, 2006-жылы Малайзияга жеткириле турган учактар үчүн Куала-Лумпур 900 млн долларды акчалай төлөп берет. Путин Малайзия менен Орусиянын азыркы дурус экономикалык жана соода мамилеси башка Азия мамлекеттери менен алаканы жакшыртууга үлгү боло алат деп билдирди. Орус президенти Малайзия борбору Куала-Лумпурда өлкөнүн премьер-министри Махатхир Мохамад менен эки тараптуу мамилени өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү.

XS
SM
MD
LG