Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Кыргыз футболчулары Тайланддын командасына утулду


БИШКЕК. Бүгүн Тегеранда өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы Тайланддын командасына 2:1 эсебинде жеңилип, жарым финалга чыкпай калды. Кыргызстандын футболчулары алгачкы оюнда эле Кытай Эл Республикасын ири эсеп менен жеңип, адистердин көңүлүн бурган. Кийинки беттешүүдө кыргызстандыктар Азиянын 4 жолку чемпиону болгон Ирандын командасына утулуп калганына карабай, үмүт бар эле. Үчүнчү таймашууда кыргыз оюнчулары Ливандын футболчуларын 5:2 эсебинде жеңип, чейрек финалда ойноо укугуна ээ болушкан. Бул оюнда кыргызстандык 7-номердеги чабуулчу Нуржан Жетибаев мыкты футболчу катары таанылган. Азиянын чемпиондугу үчүн эми Тайланд, Кувейт, Иран жана Жапония өлкөлөрүнүн ортосунда таймаш жүрөт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG