Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлү иш сапары менен келатат


БИШКЕК. Бүгүн кечинде Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун полиция кызматы боюнча кеңешчиси Ричард Монк баштаган делегация иш сапары менен келиши күтүлөт. ЕККУнун Ички иштер министрлигине жардам берүү боюнча программасынын улуттук координатору Шамшыбек Мамыровдун айтымында, Ричард Монк кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, алар программа боюнча меморандумга кол коюшмакчы. Ш.Мамыровдун маалыматы боюнча, ЕККУ Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 8 багытта 3,5 млн. еврого барабар грант түрүндө жардам берүүнү пландаштырууда. Бөлүнгөн каражат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин адистик деңгээлин көтөрүүгө, ИИМдин академиясынын жана илим-изилдөө борборунун ишин колдоого жумшалат.

XS
SM
MD
LG