Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Түштүк Кореялык өрт койгуч жазасын алды


Түштүк Кореянын Тэгу шаарынын соту ушул жылы метрого өрт койгон Ким Дэ Ханга өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө олтурсун деген жаза берди. Психикалык жактан оорулуу, 56 жаштагы Ким Дэ Хан өзүн-өзү өлтүргүсү келип, метронун вагонунда баратып бензинге чыланган кагаз кутуга өрт койгон. Андан чыккан жалын башка вагондорго да өтүп, андан 198 адам набыт болгон. Мындай кылмышы үчүн прокурор Ким Дэ Ханга өлүм жазасын талап кылып, бирок сот анын өмүр бою түрмөдө олтуруусун ылайык тапты.

Бүбүкан Досалиева, Прага

XS
SM
MD
LG