Бүгүн Ирландиянын соту “Ирландиянын чыныгы республикалык армиясы” деген топтун лидери Майкл Мак-Кевитти террорчул уюмдарды уюштурган деп айыптады. Мыйзам боюнча ал эми өмүр бою түрмөдө олтурушу керек. Бирок айыпталуучу коюлган күнөөнү четке кагууда. Ирландиянын республикалык армиясынан бөлүнүп чыккан “Чыныгы ИРА” тобу 1998-жылы Түндүк Ирландиянын Ома шаарында терракт уюштуруп, андан 29 адам көз жумган. Майкл Мак-Кевитке айып АКШнын федералдык тергөө бюросунун “Чыныгы ИРАнын” катарына жашыруун түрдө кирген кызматкеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде коюлган.