Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Индонезияда терракт коркунучу күч


Австралиянын тышкы иштер министри Александер Доунер Индонезияда дагы жардыруулар болушу мүмкүн деп тынчсызданып, Индонезияда жүргөн австриялык туристтерди сак болууга чакырды. Индонезиянын борбору Жакарта шаарындагы “Марриот” мейманканасында шейшемби күнү болгон жардыруудан 15 киши, анын ичинде чет өлкөлүк үч адам набыт болуп, 150 адам жарат алган. Жардыруу өткөн жылы Бали аралындагы 200 адамдын жанын алып кеткен жардырууга окшош ыкма менен жасалган деп жатышат. “Марриот” мейманканасын жардыруу ошол Балидеги жардыруу боюнча айыпталган адамдарга сот өкүм чыгараар алдында болду. Балидеги жардырууну “Жамайи исламия” аттуу террорчул уюм өз мойнуна алган жана бул жолку жардыруу да ошол уюмдун колунан келген болуу керек деп жатышат.

XS
SM
MD
LG