Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Самарканддагы сапары учурунда Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы соода байланышын чыңдоо зарыл деп билдирди. Бул эки өлкөнүн ортосундагы соода акыркы он айдын ичинде 25 проценттен 16 процентке түшүп кеткен. Ал эми Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Орусиянын региондо гана эмес, эл аралык деңгээлде да аброю артып бараткандыгын айтты:
- Биз Орусиянын ээлеген орду биздин эки тараптуу жана КМШ аймагындагы мамиледе гана эмес, дүйнөлүк аренада да маанилүү экендигин билебиз.Орусия кайра жанданып, өзүнүн дүйнөлүк саясаттагы ордун ээлей баштагандыгын биз билебиз жана муну эл аралык коомчулук дагы таанууда.