Ушул дүйшөмбүдөн баштап Азербайжандын өкмөт башчысы болгон Илхам Алиев президенттик шайлоого чейин өкмөт башчынын милдетин аткарууну өзүнүн орун басары Артур Расизадеге тапшырды. Буга өлкөнүн шайлоо кодексинин өкмөт башчы президенттик шайлоого катыша албайт деген талабы негиз болду. Илхам Алиев 15-октябрда болуучу президенттик шайлоодо атасынан кийинки талапкер болуп расмий каттоодон өткөн. Ал эми 80 жаштагы президент Гейдар Алиев бүгүн Түркияда дарыланып жаткан ооруканадан чыгып, Американын Кливлэнд шаарында дарыланусун улантууга кетти.