Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Жалалабадда биргелешкен кыргыз-кытай ишканасы иштей баштады


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустук акимчиликтен алынган маалыматка караганда, жакында ишин баштаган «Желун-Жандос» аттуу кыргыз-кытай ишканасы сезон учурунда миң тоннадан ашык шире иштеп чыгарат. Жаңы завод токой чарбалардан жапайы алмалардын килограммын 1 сом 20 тыйындан сатып алууда. Иштеп чыгарылган продукция Албания, Улуу Британия, Норвегия, Кытай жана Жапония өлкөлөрүнө жиберилет. Биргелешкен ишканага азырынча жүздөн ашык жумушчу ишке кабыл алынды. Завод толук курулуп бүткөндө жумушчулардын саны 250гө жетет. Каралбай калган мектептин ордуна тургузулган ишканага кытайлык «Желун» фирмасы 6,5 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция жумшады. Курулуштун жалпы баасы - 12 млн. доллар.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG