Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Глобалдык фонд «СПИД» борборуна грант берүүнү сентябрда баштайт


БИШКЕК. Быйыл сентябрдан баштап Глобалдык фонд Кыргызстандагы «СПИД» борбору утуп алган 17 млн. долларлык гранттын алгачкы бөлүгүн бере баштайт. Бул тууралуу бүгүн «СПИД» борборунун башчысы Борис Шапиро маалымдады. Анын айтымында, Глобалдык фонд алгачкы эки жылда 5 млн. каражат берет. Иштин жыйынтыгы оң бааланган шартта гана гранттын кийинки бөлүгү бериле баштайт. «СПИД» борборунун башчысынын сөзү боюнча, бул каражат илдетке каршы күрөшүүнүн бардык багыттарына пайдаланылат. Мындай грант тууралуу макулдашууга өткөн аптанын этегинде премьер-министр Николай Танаев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Глобалдык фонддун КМШ боюнча жетекчиси Валерий Чернявский, «СПИД» борборунун жетекчиси Борис Шапиро кол коюшкан. «СПИД» борборунун маалыматында, азыр Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн саны 434кө жетти. Алардын 361и - Кыргызстандын жарандары.

XS
SM
MD
LG