Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:36

Укук коргоочулар ЕККУнун кыргыз милициясына жардам беришине каршы чыгышууда


БИШКЕК. Кыргызстанга кечээ кечинде иш сапары менен келген ЕККУнун төрагасынын полиция кызматы боюнча кеңешчиси Ричард Монк бүгүн Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиев менен жолукту. Ал эми Ричард Монк менен кошо жүргөн ЕККУнун полиция кызматы боюнча департаментинин дагы бир өкүлү Эндрю Карпентер кечээ кечинде айрым укук коргоочу уюмдардын жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрдү. Укук коргоочулар ЕККУ тарабынан каржыланган программанын алкагында кыргыз милициясына резина октор менен атуучу курал-жарактардын берилишине каршылык билдиришти. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, кыргыз милициясы мындай жардамды өлкөдөгү жаңыдан баш көтөрүп бараткан жарандык коомду жана нааразылык акцияларын басууга пайдаланышы ыктымал. Ал эми мындай пикирге Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү макул эмес. Алардын ишениминде, кыргыз милициясына көмөк көрсөтүү тескерисинче, Ички иштер министрлигинин иш деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. ЕККУ Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоого грант түрүндө 3 млн. 600 миң евро өлчөмүндө жардам берүүнү пландаштырууда.

XS
SM
MD
LG