Бүгүн Бириккен Улуттар уюму Ооганстандагы башкы проблема баңгичилик болуп жаткандыгын жарыя кылды. Бул тууралуу БУУнун баңги жана кылмыштуулук иштери боюнча Кабулдагы өкүлү Дэвид Макдоналд билдирди. Анын айтымында, героин, нашаа жана психотропикалык заттарды колдонгон баңгичилик, аракечтик Кабулдагы башкы көйгөйгө айланып бара жатат жана мындай жоруктарга бөгөт коюу үчүн ал жерде кайра калыбына келтирүү борборлорун ачуу зарыл. Ооганстан баңги затын өндүрүү жана соодалоо боюнча өткөн жылы дүйнөдөгү алдыңкы өлкө болгон.