Ич ара согуш жүрүп жаткан Либериянын президенти Чарлз Тейлор өзү убада кылгандай бүгүн өлкө парламентинде сүйлөгөн жок жана мураскеринин атын атаган жок. Бирок, анын жардымчысы Тейлор мурда убада кылгандай кызматынан 11-августта кетээрин билдирди.
Бириккен Улуттар уюму эл аралык коомчулукту Либерияга тез жардам иретинде 69 миллион доллар берүүгө чакырды. Мындай сунуш кечээ уюмга мүчө 50 мамлекеттин жана эл аралык уюм жетекчилеринин Нью-Йоркто болгон жолугушуусунда айтылды. Либериянын миллионго жакын калкы азык-түлүк менен таза сууга муктаж. Кечээ АКШнын 7 аскерий адиси Либерияга барып, ал жерде гуманитардык жардам берүүгө даярдык көрө башташты. Согушуп жаткан тараптардын аракетин Нигериянын чет элдик бейпилдик күч катары ал жерге барган аскерлери көзөмөлдөп жатышат.