Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Азербайжандын президенти АКШда дарыланууда


Азербайжандын президенти Гейдар Алиев Американын Огайо штатындагы Кливленд шаарындагы ооруканага жаткырылды. Ал жердеги дарыгерлер Алиевдин жүрөгүн дарылай башташат. Азербайжандын президенттик администрация башчысы Али Гасановдун маалыматына караганда, Алиевдин абалы дурус жана бир нече жумадан кийин Азербайжанга кайтып барып, 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого даярдык көрөт. Президенттик шайлоодо анын уулу, 4-августтан баштап өкмөт башчысы болгон Илхам Алиев да ат салышат. Ал президенттик шайлоого катышуу үчүн 6-августтан тарта өкмөт башчылык милдетти аткарууну орун басарына тапшырган.

XS
SM
MD
LG