Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Индонезиянын Бали аралындагы жардырууну уюштуруучу өлүм жазасын алды


Бүгүн Индонезиянын соту өткөн жылы Бали аралында терракт жасаган кылмышкерлердин башында турган Амрози бин Нурказиге өлүм жазасын берди. Сотто ал жардырууну уюштургандыгын мойнуна алды, бирок, мурда терракты жасагандыгын мойнуна алган “Жемаи исламийа” террорчул уюмунун катышы жок деп билдирди. Ал жардыруудан 202 адам набыт болуп, ондогон адам жарат алган. Бул 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы террактан кийин жардыруу боюнча берилген алгачкы жаза. Ошон үчүн жазаны көпчүлүк эл колдоп жатат. Айыпкер өзү да өкүмдү жылмаюу менен укту. Индонезиянын бийлиги шейшемби күнү Жакартадагы “Марриот” мейманканасын жардыруу да “Жамаи ислами” уюмунун колунан келген болуу керек деп жатат. Андагы жардыруудан 15 адам каза болуп, 150 адам жарат алды.

XS
SM
MD
LG