КАРАКОЛ. Бул тууралуу жаңы фонддун төрагасы, облустук администрация башчысынын биринчи орун басары Орозбек Бектуров кабарлады. Анын айтымында, XIX кылымда түндүк кыргыздардан чыккан Боромбайдын өмүр жолун ар тараптан терең чагылдырган тарыхый роман чыгарылмакчы. Ошондой эле анын 225 жылдык мааракесин коомчулуктун катышуусунда өткөрүү тууралуу демилгелер көтөрүлүүдө. Көл өрөөнүнүн көрүнүктүү жерине Боромбай манаптын айкелин орнотуу жана Каракол шаарынын негизги көчөлөрүнүн бирине анын ысымын ыйгаруу тууралуу да сунуштар түшүп жатат. Тарых булактарынан алынган маалыматтарга караганда, Боромбай бий Бугу уруусун айкөлдүк менен башкарып, элдин ынтымагын, биримдигин бекемдеген.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Аманбек Жапаров
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Аманбек Жапаров
Редактор – Жыргалбек Касаболотов