БИШКЕК. Айлана-чөйрөнү коргоо проблемалары тууралуу семинар Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Ысыккөлдө өтүп жатат. Семинарга Мамлекеттик токой чарбасы жана жаратылышты коргоо боюнча бейөкмөт уюмдар катышууда. Азия Өнүктүрүү Банкы Борбор Азиядагы жарандык коом менен өкмөттүн ортосунда диалог түзүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, божомолдоо, алардын кесепеттерин жоюу тууралуу маселелерди талкуулоодо. Кечээ Бостериде башталган семинар эртең аяктайт.