Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Кыргызстанга Түштүк Кореянын парламентинин делегациясы келатат


БИШКЕК. Бүгүн түнү Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келиши күтүлөт. 8 адамдан турган делегациянын курамында корей парламентинин маалымат, телекоммуникация, технология жана илим боюнча комитетинин төрагасы Ан Донг Сон, мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы Пак Хонг Ги жана башкалар бар. Алар Транспорт жана коммуникация министрлигинде эки өлкөнүн ортосундагы маалымат-коммуникация технологиясы, «электрондук өкмөт», коомчулукту маалыматташтыруу боюнча иш-чаралар тууралуу пикир алышып, кызматташтык келишимин түзүшөт. «Мамлекеттик «Кыргыз вижн-2007» маалымат-индустрия базасынын программасынын айланасындагы маселе тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр эртең башталат», - деп билдиришти Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү. Делегация мүчөлөрү президент Аскар Акаев, өкмөт башчысы Николай Танаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана бир катар министрлер менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG