БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте ЕККУнун төрагасынын полиция иштери боюнча улук кеңешчиси Ричард Монк менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев ички иштер органдарын колдоо программасын ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюшту. Программа сегиз багытта иштеп, ага жалпысынан 3 млн. 600 евро өлчөмүндө грант бөлүнөт. Тартип коргоо тармагын реформалоого колдоо көрсөтүү сунушун Кыргызстан ЕККУга алгач ирет 2002-жылдын башында жолдогон. Анын негизинде тараптар тиешелүү долбоорлорду чогуу иштеп чыгышкан. Ричард Монк июль айынын башында Бишкекте бул долбоордун маани-маңызын бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө жана журналисттерге айтып берген. Бирок, айрым бейөкмөт уюмдар долбоорлордун бирөөнө макул эместигин билдиришип, ЕККУнун төрагасы Яап де Хооп Схеффер июль айында Кыргызстанга келгенде нааразылык акциясына чыгышкан. Алардын пикиринде, «Чыр-чатактарга жана бейтартиптикке жол бербеш үчүн ички иштер кызматынын системасын чыңдоо» деп аталган бул долбоор адам укуктарына кайчы келет.