Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:36

Азербайжан президентине АКШдагы дарылануу оң таасирин тийгизүүдө


АКШнын Огайо штатындагы ооруканага жаткырылган Азербайжан президенти Гейдар Алиевдин саламаттыгына Америкадагы дарылоо оң таасирин тийгизе баштады. Бул тууралуу оорукананын өкүлдөрү кабарлашты. Бүгүн чыгарылган маалымдамада, 80 жаштагы президент «неврологиялык проблемаларсыз» эс алганы айтылган. Гейдар Алиев Кливленд шаарындагы ооруканага шаршемби күнү жеткирилген. Ага чейин ал Түркияда дарыланып жаткан эле. Азербайжандын президенти жүрөк жана бөйрөк оорусунан жабыркоодо. Бирок Алиев 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG