Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Ингушетияда 6 орус аскери курман болду


Ингушетиянын Чеченстанга чектеш жеринде орус аскердик колоннасына кол салуудан 6 жоокер мерт кетип, дагы алтоосу жарадар болушту. Ингушетиянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Чеченстан менен чектешкен ингуштардын "Нестеровская" айылына жакын жерде бараткан аскерий автоунааларга белгисиз бирөөлөр бейшембиде кечке жуук чабуул жасашкан. Ошол эле күнү орус аскерий тикучмачы чечен жоокерлери тарабынан атылып түшүрүлүп, андагы үч учкуч каза тапкан. Чеченстанда октябрь айына белгиленген шайлоо алдында эки тараптын кагылышуулары күчөп баратканы байкалууда.

XS
SM
MD
LG