Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Германия аскерлери Кабулдан башка жерде да жайгаштырылат


Германиянын коргоо министринин билдирүүсүнө караганда, немец аскерлери Ооганстандын Чарикар шаарына жайгашат. Бул шаар Кабулдан 50 чакырым алыстыкта орун алган. Ооган өкмөтү буга чейин эл аралык бейпилдик күчтөрүн Кабулдан башка бейстабилдүү аймактарга жайгаштырууну сунуштаган. Германиянын коргоо министри Петер Штруктун айтымында, немец аскерлери менен кошо Чарикар шаарына атайын адистер да барып, шаардагы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө катышышат. Дүйшөмбү күндөн тарта Ооганстандагы НАТОнун аскерлерин башкаруу Германия менен Голландиянын колуна өтөт.

XS
SM
MD
LG