Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Жакынкы Чыгышта куралдуу кагылышуу болду


Жума күнү Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги качкындар лагериндеги кагылышуудан палестиндердин "Хамас" уюмунун эки мүчөсү жана бир жөөт аскери окко учуп өлүштү. Кагылышуу Израиль аскерлери бул чөлкөмгө рейдге чыккан убакта болгон. Израилдин маалыматы боюнча, аскерлер Наблус шаарына жакын жайгашкан "Аскар" аттуу качкындар лагерине "Хамастын" активистин издеп киришкен. Бул окуяга байланыштуу "Хамастын" Газа секторундагы лидери Исмаил Абу Шахаб мындай деди:

- Палестиндердин чыдамы чексиз эмес. Эгерде биздин адамдарды өлтүрүү улана берсе, биз ок атууну токтотуу тууралуу милдеттенмебизден баш тартабыз.

Ал эми Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас Перс булуңундагы мамлекеттердеги төрт күндүк сапарын баштады. Кыдыруусунун башында ал Сауд Арабиясынын жетекчилиги менен жолугушат. Андан кийин Бириккен Араб Эмираттарында жана Тунисте болмокчу.

XS
SM
MD
LG